Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 05.08.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 734.50
10 885.00
2 г.
20 249.00
20 512.00
5 г.
48 877.00
49 463.50
10 г.
96 468.00
97 529.00
20 г.
192 157.50
195 040.00
31.1035 г.
298 094.00
302 565.50
50 г.
478 197.00
492 542.50
100 г.
953 822.00
982 436.50
1000 г.
9 680 419.50
9 825 626.00
Валюта НБКР курсу 05.08.2025
04.08.2025
05.08.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,7542
101,0791
RUB
1,0875
1,0911
KZT
0,1610
0,1612
Баалуу металлдар 04.08.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
108,50
Күмүш
1,2025
Палладий
39,169
Платина
42,900

«Кыргызалтын» ААКы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча алдыңкы мамлекеттик компания деп таанылды

19/12/2023 ж.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКны алдыңкы компания деп тааныды.

«Кыргызалтын» ААКсы жогору киреше көрсөткүчтөрү жана дивиденддер боюнча мамлекеттик бюджетке рекорддук төлөмдөр үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыгын жеңип алды.

Ишкананын таза кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 130% түздү. Белгилей кетсек, таза киреше көрсөткүчтөрү компаниянын бүткүл тарыхында рекорд койгон.

Учурда «Кыргызалтын» ААК кендерди өнөр жайлык иштетүүгө жана келечектүү алтын рудасынын кластерлерин изилдөөгө багытталган. Негизги басым баалуу металлдарды өндүрүү көлөмү боюнча келечектүү болгон руда секторуна бурулат. Учурда компания өз күчү менен «Мироновское», «Чакуш» сыяктуу кендерди ишке киргизе баштады жана «Каракала-Терек», «Баладжан», «Чекчей», «Минтеке» кендерин чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алды.

«Кыргызалтын» ААК республикадагы алтын кендерин иштетүүгө адистешкен алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат.

Компания биргелешкен ишкана боюнча өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын алтынынын 81%дан ашыгын өндүрөт. Алтын казып алуу республиканын ИДПсынын 10%ке жакынын жана өнөр жай өндүрүшүнүн 35%ин түзөт. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алтын өндүрүү боюнча төртүнчү орунда турат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар