Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 05.08.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 734.50
10 885.00
2 г.
20 249.00
20 512.00
5 г.
48 877.00
49 463.50
10 г.
96 468.00
97 529.00
20 г.
192 157.50
195 040.00
31.1035 г.
298 094.00
302 565.50
50 г.
478 197.00
492 542.50
100 г.
953 822.00
982 436.50
1000 г.
9 680 419.50
9 825 626.00
Валюта НБКР курсу 05.08.2025
04.08.2025
05.08.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,7542
101,0791
RUB
1,0875
1,0911
KZT
0,1610
0,1612
Баалуу металлдар 04.08.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
108,50
Күмүш
1,2025
Палладий
39,169
Платина
42,900

10-июлда Солтон-Сары кенине жаңы алтын чыгаруучу фабриканы, өндүрүшкө керектүү имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн капсула салынды.

11/07/2024 ж.

Салтанаттуу иш-чарага «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги, «Авелум Партнер» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана индиялык инвесторлор, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустун тургундары катышты.

Өз сөзүндө «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров  тапшырмасына ылайык, жана өлкөгө инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында, «Кыргызалтын» ААК индиялык инвесторлор менен биргеликте эскирген кен калдыктарын кайра иштетүү, стандартка жооп бербеген рудаларды (курамында алтыны бар үстүңкү тектер) кайра иштетүү боюнча иштерди уюштуруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, жана алтын-карьердин терең горизонтторунан кендерди казып алуу иштерин аткарды.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, алтынды үч булактан алуу мүмкүнчүлүгү менен комплекстүү мамиле (калдыктарды сактоочу жай, стандартка жооп бербеген рудалык материалдар жана карьердин запастары) өндүрүштү натыйжалуу уюштуруу менен Солтон-Сары кенинин потенциалын ачып берет.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 25 миллион АКШ долларын түзөт, бүгүнкү күндө 8 миллион доллардан ашык каражат жумшалды. Жаңы ишканадан биринчи коммерциялык металлды алуунун планы боюнча 2024-жылдын декабрь айы.

Ишкана ишке киргенден кийин 400 жаңы жумушчу орун түзүлөт, анын 95%дан ашыгын Кыргызстандын жарандары түзөт. Ошондой эле индиялык өнөктөштөр менен бардык өндүрүлгөн коммерциялык алтындар «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүлөт, башкача айтканда, Индия тарап алтынды экспортко чыгарбайт деген келишимге жетишилди.

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар