Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 18.09.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
11 577.00
11 739.00
2 г.
21 927.50
22 212.50
5 г.
53 096.00
53 733.00
10 г.
104 942.50
106 097.00
20 г.
209 080.00
212 216.50
31.1035 г.
324 412.50
329 278.50
50 г.
520 516.50
536 131.50
100 г.
1 038 448.50
1 069 602.00
1000 г.
10 526 546.00
10 684 444.00
Валюта НБКР курсу 18.09.2025
17.09.2025
18.09.2025
USD
87,4486
87,4500
EUR
103,1631
103,6151
RUB
1,0578
1,0550
KZT
0,1621
0,1616
Баалуу металлдар 18.09.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
117,02
Күмүш
1,3328
Палладий
37,139
Платина
44,002

Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

15/11/2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ААКнын туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысына ишканада өткөн жылы оңдоо иштери башталганы маалымдалып, ал үстүбүздөгү жылы улантылууда. 112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду.

2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөргө жетишилди: кызматкерлердин штаты, ошондой эле алтын өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү.

Салыктык төлөмдөр 415 млн сомду түзүп, эмгек акы төлөө фонду 327,8 млн сомго жетти.

Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компанинин” ийгиликтүү модернизациясы мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруунун үлгүсү катары кызмат кыларын баса белгилеп, компания мындан ары да өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатып, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар