Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 18.09.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
11 577.00
11 739.00
2 г.
21 927.50
22 212.50
5 г.
53 096.00
53 733.00
10 г.
104 942.50
106 097.00
20 г.
209 080.00
212 216.50
31.1035 г.
324 412.50
329 278.50
50 г.
520 516.50
536 131.50
100 г.
1 038 448.50
1 069 602.00
1000 г.
10 526 546.00
10 684 444.00
Валюта НБКР курсу 18.09.2025
17.09.2025
18.09.2025
USD
87,4486
87,4500
EUR
103,1631
103,6151
RUB
1,0578
1,0550
KZT
0,1621
0,1616
Баалуу металлдар 18.09.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
117,02
Күмүш
1,3328
Палладий
37,139
Платина
44,002

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Кубат Абдраимов унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводдун ишин инспекциялады

20/02/2025 ж.

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов “Кумтөр Голд Компани” ЖАКын Токмок шаарындагы филиалынын – унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводдун ишин инспекциялады.

 “Кыргызалтындын” жетекчиси Кубат Абдраимов дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү менен алектенген заводду мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Ондогон жылдар бою колдонулган дөңгөлөктөр сакталып же жөн эле таштандыга ташылып келген. Эми заводдун ишке кириши менен бизде кайра иштетүү гана эмес, мурда колдонулган  унаа дөңгөлөктөрүн кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул өлкөнүн экологиясына жана айлана-чөйрөнү сактоого кошкон чоң салым", - деп айтты Кубат Абдраимов.

Белгилей кетсек, Токмок шаарындагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын август айында тесттик режимде ишке киргизилген. Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү боюнча заводдун 2 цехинде тең заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган. Завод калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон унаа дөңгөлөктөрүнөн ар кандай фракциядагырезина күкүмдөрүн алуу менен бирге жогорку легирленген болотту да ылгап алат. Учурда заводдун продукциясына суроо-талап жогору болууда.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар