Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 05.08.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 734.50
10 885.00
2 г.
20 249.00
20 512.00
5 г.
48 877.00
49 463.50
10 г.
96 468.00
97 529.00
20 г.
192 157.50
195 040.00
31.1035 г.
298 094.00
302 565.50
50 г.
478 197.00
492 542.50
100 г.
953 822.00
982 436.50
1000 г.
9 680 419.50
9 825 626.00
Валюта НБКР курсу 05.08.2025
04.08.2025
05.08.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,7542
101,0791
RUB
1,0875
1,0911
KZT
0,1610
0,1612
Баалуу металлдар 04.08.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
108,50
Күмүш
1,2025
Палладий
39,169
Платина
42,900

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда биринчи жолу өлчөнгөн алтын куймаларын чыгара турган ишкананын курулушуна капсула салды

17/10/2023 ж.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананын курулушуна капсула салды.

Белгилей кетсек, бул ишкананын курулушу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде башталды жана өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча Кыргызстандын эгемендигинин тарыхындагы биринчи ишкана.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгү жогору экенин белгиледи. Аны ишке ашыруу менен баалуу металдарды ата мекендик рынокто өнүктүрүү жана ата мекендик ишканалардын өндүрүүсүнүн эсебинен баалуу металдардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Адистердин белгилөөсүндө, буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргыз Республикасында чыгарыла баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.

Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу боюнча ишкананы ишке киргизүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Кошумчалай кетсек, имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар