Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 18.09.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
11 577.00
11 739.00
2 г.
21 927.50
22 212.50
5 г.
53 096.00
53 733.00
10 г.
104 942.50
106 097.00
20 г.
209 080.00
212 216.50
31.1035 г.
324 412.50
329 278.50
50 г.
520 516.50
536 131.50
100 г.
1 038 448.50
1 069 602.00
1000 г.
10 526 546.00
10 684 444.00
Валюта НБКР курсу 18.09.2025
17.09.2025
18.09.2025
USD
87,4486
87,4500
EUR
103,1631
103,6151
RUB
1,0578
1,0550
KZT
0,1621
0,1616
Баалуу металлдар 18.09.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
117,02
Күмүш
1,3328
Палладий
37,139
Платина
44,002

«Кыргызалтын» ААКсында акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү

11/04/2025 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 11-апрелинде, «Кыргызалтын» ААКсында акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды.

Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды.
“Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ишкананын кирешеси 18,6 млрд сомду, пайдасы 17,2 млрд сомду түздү.
2024-жылы «Кыргызалтын» ААК кирешенин рекорддук деңгээлине жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 36%га көп.

Жыйындын жүрүшүндө акционерлер пайданын 75%ын дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечимин кабыл алышты.

Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштар эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, “Кыргызалтын” ААКнын негизги акционери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик саналат, ага 99% акция, 1% Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар