Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 18.09.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
11 577.00
11 739.00
2 г.
21 927.50
22 212.50
5 г.
53 096.00
53 733.00
10 г.
104 942.50
106 097.00
20 г.
209 080.00
212 216.50
31.1035 г.
324 412.50
329 278.50
50 г.
520 516.50
536 131.50
100 г.
1 038 448.50
1 069 602.00
1000 г.
10 526 546.00
10 684 444.00
Валюта НБКР курсу 18.09.2025
17.09.2025
18.09.2025
USD
87,4486
87,4500
EUR
103,1631
103,6151
RUB
1,0578
1,0550
KZT
0,1621
0,1616
Баалуу металлдар 18.09.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
117,02
Күмүш
1,3328
Палладий
37,139
Платина
44,002

«Кумтөр Голд Компанин» 2024-жылдагы жалпы кирешеси 989 млн доллардан ашты

25/04/2025 ж.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Жыйында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчету каралып, кабыл алынды.

«Кумтөр Голд Компанинин» башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов билдиргендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча алтынды сатуудан түшкөн киреше пландалган 739,3 млн доллардын ордуна, 989,1 млн долларды түздү.

«Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы тоо-кен иштеринин көлөмү пландалган 180,3 млн тоннанын ордуна 189,1 млн тоннаны түздү. Алтын өндүрүү боюнча 12 тонна 509 кг план коюлган болсо, 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөн. Мындан тышкары, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетине болгон салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 177,5 млн доллар болсо, иш жүзүндө 184,8 млн доллар же 16,1 млрд сом которулду. Ал эми план боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгилинсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү», – деди Бузурман Субанов.

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов белгиледи:  «Үстүбүздөгү жылы алдыбызда мындан дагы маанилүү милдеттер турат, аларды өз убагында ишке ашыруу бизден бир топ күч-аракеттерди жана ресурстарды талап кылат. 2025-жылы Кумтөр кен жайында жер астынан алтын казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоону улантуу сыяктуу милдеттер турат. Мындан тышкары, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун дагы ишке ашыруу зарыл», - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Кубат Абдраимов ишкананын алдында турган милдеттерди эске салуу менен Кумтөр кен жайындагы коопсуздукту сактоого, анын ичинде кызматкерлерди кошумча окутуу жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн инспекциялоого көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар