Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 18.09.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
11 577.00
11 739.00
2 г.
21 927.50
22 212.50
5 г.
53 096.00
53 733.00
10 г.
104 942.50
106 097.00
20 г.
209 080.00
212 216.50
31.1035 г.
324 412.50
329 278.50
50 г.
520 516.50
536 131.50
100 г.
1 038 448.50
1 069 602.00
1000 г.
10 526 546.00
10 684 444.00
Валюта НБКР курсу 18.09.2025
17.09.2025
18.09.2025
USD
87,4486
87,4500
EUR
103,1631
103,6151
RUB
1,0578
1,0550
KZT
0,1621
0,1616
Баалуу металлдар 18.09.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
117,02
Күмүш
1,3328
Палладий
37,139
Платина
44,002

«Кыргызалтын» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар кендерди текшерди

10/06/2025 ж.

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Баткен районундагы Чакуш жана Ош облусундагы Каракала-Терек кендериндеги геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Учурда Баткен районундагы Чакуш участкасында компания өз алдынча жер кыртышынын геологиялык түзүлүшүн жана курамын изилдөө, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө жана андан ары иштетүү үчүн баалуу металл ресурстарын баалоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ошону менен бирге «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги Ош облусундагы Каракала-Терек тилкесиндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Аталган кенди геологиялык чалгындоо иштеринин мындан аркы пландары жана технологиялык жолду реконструкциялоо маселелери талкууланды. Учурда Каракала-Терек тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Жумуш сапардын жыйынтыгында Кубат Абдраимов «Кыргызалтын» ААКтын туунду компаниялардын  жетекчилерине белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, сапаттуу жана өз убагында аткарууга бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ААКсы өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан эки кенди чалгындоо жана иштетүүгө лицензия алган. Каракала-Терек кенди Ош облусунун Алай районунда, Чакуш кени Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар