Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 18.09.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
11 577.00
11 739.00
2 г.
21 927.50
22 212.50
5 г.
53 096.00
53 733.00
10 г.
104 942.50
106 097.00
20 г.
209 080.00
212 216.50
31.1035 г.
324 412.50
329 278.50
50 г.
520 516.50
536 131.50
100 г.
1 038 448.50
1 069 602.00
1000 г.
10 526 546.00
10 684 444.00
Валюта НБКР курсу 18.09.2025
17.09.2025
18.09.2025
USD
87,4486
87,4500
EUR
103,1631
103,6151
RUB
1,0578
1,0550
KZT
0,1621
0,1616
Баалуу металлдар 18.09.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
117,02
Күмүш
1,3328
Палладий
37,139
Платина
44,002

"Мироновское" алтын, жез, висмут, коргошун жана күмүш кендерин геологиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүк боюнча сынактын шарттары

18/09/2025 ж.

"Мироновское" алтын, жез, висмут, коргошун жана күмүш кендерин геологиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүк боюнча сынак (мындан ары - Сынак) "Кыргызалтын" ААКтын Башкармасынын 2025-жылдын «7» августундагы №45 чечиминин, Директорлор Кеңешинин 2025-жылдын «14»  августундагы №45 чечиминин негизинде өткөрүлөт.

Сынактын шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 токтому менен бекитилген мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү үчтөн экиден кем эмес болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан инвесторлор менен жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттары жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан (мындан ары – Жобо).

Сынактын жеңүүчүсүнө "Кыргызалтын" ААКтын 100% катышуу үлүшү менен туунду ишканасы болуп саналган "Шибер-Тоо" Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун курамына кирүү аркылуу "Мироновское" алтын, жез, висмут, коргошун жана күмүш кенин геологиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүккө катышуу укугу берилет.

Сынак Бишкек шаарында 2025-жылдын 21-октябрь күнү саат 10:00 ч. (жергиликтүү убакыт боюнча) Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү № 195 дареги боюнча өткөрүлөт.  

Кызыкдар жактардын баарына, сынакка катышуу үчүн жыйым төлөгөндөн кийин, суроо-талап боюнча "Мироновское" алтын, жез, висмут, коргошун жана күмүш кени боюнча кыскача геологиялык маалымат топтому берилет.

Сынакка катышуучулардын арыздары жана ага тиркелген документтер "Кыргызалтын" ААКнын жалпы бөлүмүнө/кеңсесине Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дареги боюнча 2025-жылдын «20» октябрь күнүнөн кечиктирбестен, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00го чейин тапшырылат, арызды берүү убактысы белгиленип, "Кыргызалтын" ААКнын жалпы бөлүмүнүн/кеңсесинин кызматкерине колмо-кол берилет. Сынакка арызды почта аркылуу жөнөтүүгө жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн кепилдик милдеттенмесинин (мындан ары - КМ) өлчөмү 10 000 000 (Он миллион) сомду түзөт.

Сынакка катышуучулардын конверттери ачылганга чейин, арыз берүүчү КМдин толук көлөмүн (100%) уюштуруучунун эсептик счетуна түшүрүшүн камсыз кылууга тийиш.

толук шарттары бул жерде

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар