Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

07/11/2025 ж.

«Кыргызалтын» ААК экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

 

 

Кызматтык милдеттери:

 

-          Ишканалардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана рентабелдүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жана эмгек акынын өсүү темптеринин туура катышын камсыздоого, материалдык, эмгек жана финансылык ресурстарды эң аз чыгымдоо менен эң чоң натыйжаларга жетишүү үчүн багытталган көзөмөлдөгү филиалдардын жана бөлүмдөрдүн экономикалык ишмердүүлүгүн уюштурууну жана өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу.

-          Пландоонун ченемдик базасын түзүү жана жакшыртуу, товардык-материалдык баалуулуктардын, жүгүртүү жана негизги каражаттардын чыгымдоо ченемдерин өркүндөтүү боюнча экономикалык көрсөткүчтөрдү пландоону жакшыртуу.

-          Коомдун филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн ишин техникалык-экономикалык  жактан пландоо, капиталдык салымдардын экономикалык натыйжалуулугун эсептөө боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгууга катышуу.

-          Коомдун чарбалык ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарында материалдык, эмгек жана финансылык ресурстарды үнөмдөө режимин катуу сактоо боюнча чараларды көрүү.

-          Көзөмөлдөгү филиалдарда жана бөлүмдөрдө колдонулуучу пландоо, эсепке алуу жана отчеттук документтердин рационалдуу формаларын иштеп чыгууну уюштуруу.

-          Пландык-финансылык тартиптин сакталышын камсыздоо, план-тапшырмалардын аткарылышын контролдоо.

-          Коомдун көзөмөлдөгү филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын комплекстүү экономикалык талдоону жана баалоону жүргүзүү, ички резервдерди пайдалануу, ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.

 

-          Экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, экономикалык иштин прогрессивдүү формаларын жана методдорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, ошондой эле эң максатка ылайыктуу экономикалык көрсөткүчтөрдү киргизүүгө көмөктөшүү.

   Коюлуучу талаптар:

-       Жогорку экономикалык билим;

-       Иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө, иш тажрыйбасы адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-       Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2025-жылдын 7-ноябрдан 5-декабрга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар