Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК маалыматтык технологиялар башкармалыгынын SMM – адиси кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

27/02/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК маалыматтык технологиялар башкармалыгынын SMM – адиси кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

 

Кызматтык милдеттери:

-  «Кыргызалтын» ААКтын социалдык тармактардагы жана башка санариптик платформалардагы расмий баракчаларын жана аккаунттарын Коомдун бекитилген маалыматтык саясатын эске алуу менен уюштуруу жана иш алып баруу;

-  контент-пландарды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу, маалыматтык материалдарды даярдоо жана жарыялоо;

-  мобилография көндүмдөрү, сүрөттөрдү жана видеоматериалдарды сапаттуу иштеп чыгуу, ошондой эле заманбап мобилдик видеомонтаж колдонмолорун билүү;

-  ишке ашырылып жаткан SMM-иш-чараларынын натыйжалуулугун талдоо, иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду даярдоо. 

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

-       реклама, коомчулук менен байланыш, маалыматтык технологиялар, журналистика же башка тиешелүү тармактар ​​боюнча жогорку же орто кесиптик билим; SMM чөйрөсүндө кесиптик сертификаттардын жана тастыкталган практикалык иш тажрыйбасынын болушу;

-       иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү;

-       сабаттуу жана маданияттуу жазуу, сүйлөө.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКна төмөнкү документтерди тапшырышат:

-       өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       паспорттун көчүрмөсү;

-       керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтерди кабыл алуу тартиби:

Документтер 2026-жылдын 27 февралдан тартып 27 мартка чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар