Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 24.07.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 594.50
13 069.00
2 г.
23 953.50
24 861.00
5 г.
58 214.00
60 410.00
10 г.
115 195.00
122 301.00
20 г.
229 637.00
244 787.50
31.1035 г.
356 235.00
379 783.50
50 г.
571 730.50
599 085.00
100 г.
1 140 927.50
1 184 560.00
250 г.
2 866 383.50
2 996 930.50
500 г.
5 722 171.00
5 940 333.50
1000 г.
11 450 058.50
12 169 263.50
Валюта НБКР курсу 26.07.2026
25.07.2026
26.07.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,5400
99,5400
RUB
1,1158
1,1158
KZT
0,1838
0,1838
Баалуу металлдар 24.07.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
130,30
Күмүш
1,8699
Палладий
40,044
Платина
51,250

«Кыргызалтын» ААК каржылык көзөмөл жана аудит кызматынын аудиторунун бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт

31/03/2025 ж.

«Кыргызалтын» ААК каржылык көзөмөл жана аудит кызматынын аудиторунун бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт, кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

 

Кызматтык милдеттери:

- ички аудитти жүргүзүү тартибине ылайык, Коомдун жана анын туунду ишканаларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана (же) бизнес-процесстеринин пландаштырылган жана пландан тышкаркы ички аудиттик текшерүүлөрүнө катышуу,

- иудиттик табылгаларды тийиштүү түрдө документтештирүүнү камсыз кылуу, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык маанилүү фактыларды жана кемчиликтерди чагылдырган текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды түзүү, аларды четтетүү боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуу,

- коомдун ишмердүүлүгүнүн бардык аспектилери боюнча ички контролдуктун, тобокелдиктерди башкаруунун жана корпоративдик башкаруунун учурдагы системаларына аудит жүргүзүү, ошондой эле аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу,

- мурун аныкталган кемчиликтерди четтетүүнүн жана Коомдун бизнес-процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруунун толуктугун, сапатын жана өз убагында аткарылышын контролдоо,

 - ички аудиттин методологиясын Коомдун муктаждыктарына жана Ички аудиттин стандарттарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштеп чыгууга, киргизүүгө жана дайыма өркүндөтүүгө катышуу,

 - коомдун кызматкерлерине компетенциясына кирген маселелер боюнча консультация берүү,

 - жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга көмөктөшүү, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.

 Талапкерге коюлучу талаптар:

- жогорку экономикалык билим,

- иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана маданияттуу сүйлөө

- Аудит, бухгалтердик эсеп, экономикалык анализ чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-   өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

-   сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен),

-   паспорттун көчүрмөсү,

-   керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2026-жылдын 31 марттан тартып 29 апрелге чейин саат 09:00дөн 17:00 гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар