Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК Өндүрүш процесстери жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын жетектөөчү геологунун бош кызмат ордуна сынак жарыялайт

23/03/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК Өндүрүш процесстери жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын жетектөөчү геологунун бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

 

Кызматтык милдеттери:

­  Чалгындалган запастардын камсыздалышына мониторинг жүргүзүү, Коомдун жана анын ишканаларынын минералдык-чийки зат базасын чыңдоо, чалгындоо жана эксплуатациялык-чалгындоо иштеринин негизги багыттарын аныктоо, Коомдун туунду компаниялары тарабынан иштетилип жаткан кендердин запастарынын жыйынды эсебин жана кыймылын жүргүзүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар менен геологиялык маселелерди макулдашуу.

­  «Кыргызалтын»ААКнын жер казынасын пайдалануу лицензияларына карата лицензиялык макулдашуулардын шарттарынын сакталышын контролдоо.

­  Коомдун чийки зат базасын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын иштеп чыгууну уюштуруу, алтын жана башка минералдык чийки зат кендерин издөө, чалгындоо жана өздөштүрүү боюнча сунуштарды даярдоо.

­  Тоо-кен бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө жана өндүрүш планын аткарууга ыкчам мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу; кендердин, карьерлердин ыргактуу иштешин, геологиялык чалгындоо иштерин туура жана натыйжалуу жүргүзүүнү камсыздоо.

­ Тоо-кен-геологиялык маселелерди ыкчам чечүүгө, техпромфинпландын айрым бөлүмдөрүн иштеп чыгууга катышуу.

­   Кендерди геометриялаштыруу боюнча жана запастарды эсептөө иштерине катышуу, кендердин запастарын эсепке алуунун тууралыгына мониторинг жүргүзүү.

­  Жер казынасын пайдалануу тармагындагы мамлекеттик органдарга жөнөтүү үчүн геологиялык отчетторду түзүү.

­  Туунду ишканалардын өндүрүштүк издөө, издөө-баалоо жумуштарын жүргүзүү, пайдалуу кендердин запастарын баалоо жана казып алуу иштерин геологиялык коштоо бөлүгүндөгү ишмердүүлүгүнө методикалык мониторинг жүргүзүү.

­  Коомдун тоо-кен жана геологиялык иштери жөнүндө жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгууга катышуу.

­  Тоо-кен жана жер бөлүү боюнча кагаздарды тариздөө үчүн графикалык материалдарды даярдоого катышуу.

Коюлуучу талаптар:

-  Жогорку билим, квалификациясы боюнча – тоо-кен инженери-геолог;

-  Иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө;

-   Тоо-кен ишканаларында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.

 

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

 

-  Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-  Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-  Паспорттун көчүрмөсү;

-  Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

 

Документтер 2026-жылдын 23 марттан тартып 21 апрелге чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар