Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК Тышкы экономикалык ишмердүүлүк жана кымбат баалуу металлдарды сатуу башкармалыгынын башкы адиси бош ордуна жарыя берет

16/04/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК Тышкы экономикалык ишмердүүлүк жана кымбат баалуу металлдарды сатуу башкармалыгынын башкы адиси бош ордуна жарыя берет. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан

 Кызматтык милдеттери:

-  Алтын жана күмүштү жеткирүү боюнча ишти жүргүзүү,

-  Алтын камтыган чийки затты аффинаждоого байланышкан келишимдерди түзүү,

-  Баалуу металлдарды, Доре эритмесин, шлих алтынды, флотоконцентратты жана башка алтын камтыган материалдарды ички жана тышкы рыноктордо сатып алуу/сатуу боюнча келишимдерди түзүү жана бүтүмдөрдү жол-жоболоштуруу.

Коюлуучу талаптар:

-       Жогорку экономикалык же юридикалык билим жана адистиги боюнча кеминде 1 жылдык, жалпы эмгек стажы кеминде 3 жыл,

-       Иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө жөндөмү; так жана сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө.

Талап кылынуучу документтер:

-       Өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен чогуу);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчеси, билим жөнүндө документтер, квалификацияны жогорултуу тууралуу күбөлүктөр — нотариалдык жактан же иштеген жериндеги кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр).

Документтер 2026-жылдын 16 апрелден тартып 15 майга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар