Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын» ААКтын «Аффинаждоо заводу» филиалынын өндүрүш жана экономика боюнча директордун орун басары кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, Кара-Балта шаарында жайгашкан

18/05/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын» ААКтын «Аффинаждоо заводу» филиалынын өндүрүш жана экономика боюнча директордун орун басары кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт, Кара-Балта шаарында жайгашкан.

 Кызматтык милдеттери:

- «Аффинаж заводу» филиалынын өндүрүштүк-чарбалык жана экономикалык ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылуу,

- мамлекеттик стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык жогорку сапаттагы продукциянын үзгүлтүксүз чыгарылышын камсыз кылуу, пландык тапшырмаларды аткаруу, өндүрүштүн техникалык даярдыгынын деңгээлин, анын натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатуу, продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө кеткен материалдык, финансылык жана эмгектик чыгымдарды кыскартуу, өндүрүштүк фонддорду жана ресурстардын бардык түрлөрүн рационалдуу пайдалануу,

- эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, процесстерди рационалдаштыруу, автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү уюштуруу,

- филиалдын кварталдык жана жылдык финансылык-экономикалык отчеттуулугун даярдоону жана берүүнү уюштуруу,

 - учурдагы жылга өлчөнгөн куймаларды өндүрүү программасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштуруу,

 - филиалдын өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жана кийинки жылга бюджетти пландаштыруу (чыгаша элементтери боюнча),

- долбоордук, конструктордук жана технологиялык тартиптин, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугу эрежелеринин жана ченемдеринин, Мамтехкөзөмөлдүн, жаратылышты коргоо, санитардык жана башка ыйгарым укуктуу органдардын талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү,

- долбоордук чечимдердин натыйжалуулугун, өндүрүштү өз убагында жана сапаттуу даярдоону, техникалык эксплуатациялоону, жабдууларды оңдоону жана модернизациялоону, иштеп чыгуу жана өндүрүү процессинде продукциянын жогорку сапат деңгээлине жетишүүнү камсыз кылуу,

 - цехтин кызматкерлери тарабынан цехте турган баалуу металлдын сакталышын, кызматтык, мамлекеттик жана коммерциялык сырларды сактоо режимин, ошондой эле жашыруун документтерге коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө.

Коюлуучу талаптар:

- жогорку билим,

- иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө,

- өндүрүштүк чөйрөдө жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКна төмөнкү документтерди тапшырышат:

- өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен чогуу);

- сүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

- паспорттун көчүрмөсү;

- керектүү кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчеси, билим жөнүндө документтер, квалификацияны жогорултуу тууралуу күбөлүктөр — нотариалдык жактан же иштеген жериндеги кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр).

Документтер 2026-жылдын 18-майдан тартып 16-июнга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар