Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы биргелешкен жана туунду ишканалар менен иштөө башкармалыгынын башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт

19/05/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы биргелешкен жана туунду ишканалар менен иштөө башкармалыгынын башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Кызматтык милдеттери:

- биргелешкен жана туунду ишканалардын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүү,

- өнөктөштөр тарабынан бекитилген биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишимдердин аткарылышын координациялоо,

- Башкармалыктын начальнигинин жана Коомдун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, министрликтерге, ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга, коммерциялык жана башка уюмдарга маалыматтарды даярдоо,

- Башкармалыктын ишин жакшыртуу, көзөмөлдөнгөн биргелешкен жана туунду ишканалар менен түзүлүүчү келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарын өркүндөтүү боюнча Башкармалыктын начальнигинин кароосуна сунуштарды киргизүү,

- ушул кызматтык нускамада, эмгек келишиминде жана Башкармалык жөнүндө жободо белгиленген башка талаптарды аткаруу.

- Коюлуучу талаптар:

- жогорку билим,

- иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө жөндөмү,

- жогоруда көрсөтүлгөн адистиктер боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКсына төмөнкү документтерди тапшырышат:

- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүлүү менен),

- сүрөтү тиркелген резюме (электрондук почта дареги көрсөтүлүү менен);

- паспорттун көчүрмөсү,

- зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтер, квалификацияны жогорулатуу тууралуу документтер, нотариалдык жактан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн).

Документтер 2026-жылдын 19-майдан тартып 17-июнга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар