Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 11.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 491.50
13 680.50
2 г.
25 747.50
26 082.50
5 г.
62 727.00
63 480.00
10 г.
124 221.50
125 588.00
20 г.
247 662.00
251 377.00
31.1035 г.
384 267.00
390 031.00
50 г.
616 806.00
635 310.50
100 г.
1 231 050.50
1 267 982.00
250 г.
3 091 677.50
3 138 052.50
500 г.
6 172 787.00
6 265 379.00
1000 г.
12 351 290.00
12 536 559.50
Валюта НБКР курсу 12.09.2026
11.09.2026
12.09.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,7743
101,4376
RUB
1,0300
1,0362
KZT
0,1937
0,1940
Баалуу металлдар 11.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
139,79
Күмүш
2,0675
Палладий
42,095
Платина
57,717

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы башкы кеңседе жайгашкан фирмалык дүкөндүн сатуучу-кассири кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт.

15/06/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК Бишкек шаарындагы  башкы кеңседе жайгашкан фирмалык дүкөндүн сатуучу-кассири кызматына бош орун бар экендигин жарыялайт.

Кызматтык милдеттери:

-            дүкөн жетекчисинен продукцияны кабыл алуу боюнча ишти жүргүзүү, журналга кол коюу менен милдеттүү түрдө каттоого алуу;

-            дүкөндүн текчелерин жана көргөзмө текчелерин талаптарга ылайык кармоо;

-            продукцияны дүкөндүн текчелерине жана көргөзмө текчелерине жайгаштыруу;

-            инвентаризация жүргүзүүгө катышуу;

-            дүкөндүн көргөзмө текчелерин продукция менен өз убагында толуктоону уюштуруу;

-            бөлмөнү жана кызматкердин өзүнө бекитилген аймагын таза кармоо; Жашыруундуулук тартибин, кызматтык жана мамлекеттик сырды сактоо талаптарын аткаруу;

-            кардарларды сапаттуу жана маданияттуу тейлөө, милдеттүү түрдө документтештирүү менен кассалык операцияларды жүргүзүү;

-            продукцияны сатуу жана сатып алуу боюнча эсепке алууну жүргүзүү; - Накталай акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу;

-            өз ишиндеги бардык штаттан тышкаркы кырдаалдар жөнүндө дүкөн башчысына токтоосуз маалымдоо;

-            кассадагы накталай акчаны санап салыштыруу, сатылбаган продукцияны жана акча каражаттарын дүкөн башчысына тиешелүү журналга кол коюу менен каттап тапшыруу.

Коюлган талаптар:

-             орто, орто атайын, орто техникалык же жогорку билим.

-             иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКна төмөнкү документтерди тапшырышат:

 - өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),

- сүрөтү бар резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен), паспорттун көчүрмөсү,

- керектүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтер, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө тастыктоочу документтер).

 

       Документтер 2026-жылдын 15 июнунан тартып 30 июнга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

       Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар