Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 24.07.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 594.50
13 069.00
2 г.
23 953.50
24 861.00
5 г.
58 214.00
60 410.00
10 г.
115 195.00
122 301.00
20 г.
229 637.00
244 787.50
31.1035 г.
356 235.00
379 783.50
50 г.
571 730.50
599 085.00
100 г.
1 140 927.50
1 184 560.00
250 г.
2 866 383.50
2 996 930.50
500 г.
5 722 171.00
5 940 333.50
1000 г.
11 450 058.50
12 169 263.50
Валюта НБКР курсу 26.07.2026
25.07.2026
26.07.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,5400
99,5400
RUB
1,1158
1,1158
KZT
0,1838
0,1838
Баалуу металлдар 24.07.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
130,30
Күмүш
1,8699
Палладий
40,044
Платина
51,250

«Кыргызалтын» ААК өндүрүштүк процесстер жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо боюнча жетекчи адисинин бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт.Кеңсе Бишке шаарында жайгашкан.

23/06/2026 ж.

 

«Кыргызалтын» ААК өндүрүштүк процесстер жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо боюнча жетекчи адисинин бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт.Кеңсе Бишке шаарында жайгашкан.

 Кызматтык милдеттери:

- «Кыргызалтын» ААКтын жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар боюнча лицензиялык макулдашуулардын шарттарын сактоону көзөмөлдөө;

- илимий-изилдөө институттары, подряддык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу, ошондой эле «Кыргызалтын» ААКтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана туунду ишканалардын тоо-кен өндүрүшүнө байланыштуу келишимдердин түзүлүшүнө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн өтүнмөлөрдү даярдоо, лицензиялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;

- Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын өзгөрүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана аларды Коомдун ишине киргизүүнү камсыз кылуу;

- Коомдун лицензиялык укуктарына жана милдеттенмелерине байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу;

- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды алуу, жарактуулук мөөнөтүн узартуу, трансформациялоо, кайра каттоо жана жокко чыгаруу үчүн документтердин топтомун даярдоо жана тариздөө;

 - документтердин Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын жана Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарына шайкештигин контролдоо;

- техникалык долбоорлордун милдеттүү экспертизадан өтүшүн камсыз кылуу (өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук жана жер астын коргоо жаатында), ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан керектүү уруксаттарды алуу;

- лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдын, лицензиялык төлөмдөрдүн жана бонустардын өз убагында төлөнүшүн эсептөө жана көзөмөлдөө, төлөмдөрдү жана карыздарды эсепке алуу. Жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу чөйрөлөр боюнча Кыргызстандын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө жана талдоо.

Коюлган талаптар:

- жогорку билим (юридикалык, тоо-геологиялык же ага байланыштуу);

- иштиктүү кат алышуу, контрагенттер менен иштөө, сабаттуу жазуу жана оозеки  маданияттуу сүйлөө көндүмдөрү;

 - тоо-кен тармагында 3 жылдан кем эмес эмгек стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКна төмөнкү документтерди тапшырышат:

- өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалымкат менен чогуу);

- cүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);

- паспорттун көчүрмөсү;

- керектүү кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 23-июнунан 01-июлуна чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар