Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК стратегияны иштеп чыгуу боюнча башкы адис кызматына сынак жарыялайт

09/07/2026 ж.

"Кыргызалтын" ААК чечимдердин аткарылышын контролдоо, стратегияны иштеп чыгуу, кадр саясаты жана документациялык камсыздоо башкармалыгынын стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүнүн стратегияны иштеп чыгуу боюнча башкы адисинин бош кызмат ордуна сынак жарыялайт, кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан.

Кызматтык милдеттери:

- коомдун өнүгүү стратегиясынын долбоорун түзүү үчүн Коомдун структуралык бөлүмдөрү жана филиалдары тарабынан берилген материалдарды чогултуу, жалпылоо жана талдоо,

 - бекитилген Өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын, анын ичинде милдеттерди, иш-чараларды, индикаторлорду, аткаруу мөөнөттөрүн, жооптуу аткаруучуларды, ресурстук камсыздоону жана бюджетти түзүү үчүн материалдарды чогултуу, жалпылоо жана талдоо,

- Коомдун өнүктүрүү стратегиясынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планынын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон материалдарды иштеп чыгуу боюнча Коомдун түүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары менен өз ара иштешүү,

 - бекитилген Иш-планындагы иш-чаралардын белгиленген көрсөткүчтөргө жана индикаторлорго ылайык аткарылышынын сапатын, толуктугун жана натыйжалуулугун мониторингдөө,

 - жооптуу аткаруучулар менен өз ара иштешүү менен Өнүктүрүү стратегиясынын Иш-планындагы иш-чаралардын аткарылышынын мөөнөттөрүнүн сакталышын көзөмөлдөө,

- Коомдун өнүгүү стратегиясына жана Иш-планына тышкы жана ички чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо,

- Коомдун өнүгүү стратегиясынын жана Иш-планынын аткарылышынын жүрүшү жана аралык натыйжалары жөнүндө отчетторду түзүү үчүн материалдарды даярдоо.

Коюлуучу талаптар:

- жогорку билим,

- ишкердик кат алышуу, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө көндүмдөрү, кесип боюнча 3 жылдан кем эмес эмгек стажы.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКна төмөнкү документтерди тапшырышат:

- өмүр баяны (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен чогуу),

- сүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен),

- паспорттун көчүрмөсү,

- керектүү кесиптик билимди, иш стажын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчеси, билим жөнүндө документтер, квалификацияны жогорултуу тууралуу күбөлүктөрдун көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын  09-июлунан  17-июлуна чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Документтерди жөнөтүүдө сөзсүз түрдө талапкер болуп жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүңүз.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар