Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 11.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 491.50
13 680.50
2 г.
25 747.50
26 082.50
5 г.
62 727.00
63 480.00
10 г.
124 221.50
125 588.00
20 г.
247 662.00
251 377.00
31.1035 г.
384 267.00
390 031.00
50 г.
616 806.00
635 310.50
100 г.
1 231 050.50
1 267 982.00
250 г.
3 091 677.50
3 138 052.50
500 г.
6 172 787.00
6 265 379.00
1000 г.
12 351 290.00
12 536 559.50
Валюта НБКР курсу 12.09.2026
11.09.2026
12.09.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,7743
101,4376
RUB
1,0300
1,0362
KZT
0,1937
0,1940
Баалуу металлдар 11.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
139,79
Күмүш
2,0675
Палладий
42,095
Платина
57,717

«Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын-Резорт» филиалынын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басарынын бош кызмат орду тууралуу жарыя кылат.

24/08/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК «Кыргызалтын-Резорт» филиалынын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басарынын бош кызмат орду тууралуу жарыя кылат. Иш орду Ысык-Көл облусу, Бостери айылы.

Кызматтык милдеттер:

- өндүрүлгөн продукциянын, санаторий кызматтарын керектөөчүлөрдү курамына талдоо жүргүзүү жана атаандаштардын продукциясына, кызматтарына болгон керектөөчүлөрдүн суроо-талабын алдын ала болжолдоо боюнча санаторийдин коммерциялык чөйрөсүндө саясатын иштеп чыгат;    

- өндүрүлгөн продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу боюнча келечектеги жана учурдагы пландарды даярдоо, ошондой эле  аларды сатуунун жаңы рынокторун аныктоого ар кандай кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн адистеринин катышуусун камсыз кылат;

- филиалдын коммерциялык-экономикалык маалыматтарын, кызматтарын чогултуу жана талдоо, филиалды жабдуу жана анын продукциясын, кызматтарын сатуу боюнча бардык функционалдык бөлүмдөрдүн ишин координациялайт;

 - «Кыргызалтын-Резорт» тарабынан чыгарылган продукциялар жана кызматтар жөнүндө керектөөчүлөрдүн пикирин, анын продукцияны, кызматтарды сатууга тийгизген таасирин изилдөөнү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча  так сунуштарды даярдоону уюштурат;

- ЖМКда жарнамалык иш-чараларды өткөрүүнүн стратегиясын иштеп чыгат. Потенциалдуу керектөөчүлөр үчүн маалымат берүү жана сатуу рынокторун кеңейтүү максатында тармактык көргөзмөлөргө, жармаңкелерге, сатуу көргөзмөлөрүнө катышат;

- Санаторийдин логотибин жана жарнамалык продукциялардын дизайнын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдап, аларды ишке ашырууну камсыздоо;

- Санаторийдин башка бөлүмдөрү жана кызматтары менен бирге жарнамалык иш-чараларды өзгөртүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгууга катышат;

- «Кыргызалтын - Резорттун» кызматкерлеринин жеке маалыматтарын, филиалдын коммерциялык сырын түзгөн маалыматтарды камтыган документтерди, башка жашыруун маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылат;

- Кол алдындагы кызматкерлерди окутууну жетектейт, алар үчүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу, кесиптик жактан өсүү, ишкердик карьерасын өнүктүрүү жана жеке жетишкендиктерине жана квалификациясынын деңгээлине жараша кызматтык жактан өсүү шарттарын түзөт;

- Кол алдындагы кызматкерлер тарабынан эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын, өндүрүштүк санитариянын жана өрткө каршы коргоонун эрежелерин сактоосун контролдойт;

- Кол алдындагы кызматкерлерди сыйлоо (жоопкерчиликке тартуу) боюнча берилген укуктарды колдонот;

- Өзүнө караштуу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын ишине байланыштуу маселелер боюнча пландоону жана отчеттуулукту жетектейт;

- тапшырмалардын бөлүштүрүлүшүнө жетекчилик кылат, алардын өз убагында, ыргактуу жана бирдей жеткирилишин камсыз кылат, аларга баш ийген бөлүмдөргө жана кызматтарга, ишти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтердин формаларын, ошондой эле алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички уюштуруу-ченемдик жана ченемдик-методикалык документтерди жеткирет;

- эмгектин ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарын камсыз кылуу, жумуш орундарын рационалдаштыруу боюнча сунуштарды карайт жана аларды чечим кабыл алуу үчүн «Кыргызалтын Резорт» директоруна берет.

 

Коюлган талаптар:

 - менеджмент, туризм тармагында тейлөө жаатында кесиптик жогорку билим жана адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес жана жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес эмгек стажы;

- Коммерциялык ишмердүүлүк, сатуу, маркетинг, мейманкана, туристтик же санатордук-курорттук бизнес чөйрөсүндөгү жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес эмгек стажы;

- коммерциялык ишти уюштуруу, маркетингдик стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү  боюнча иш тажрыйбасынын болушу;

- финансы-экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоо жана башкаруу отчетун даярдоо көндүмдөрү;

 -заманбап маалыматтык технологияларды жана офистик программаларын ишенимдүү билүү.

 

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-сүрөтү менен резюме (электрондук почтанын дарегин көрсөтүү менен);

-паспорттун көчүрмөсү;

-керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 24-августтан тартып 3-сентябрга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар