Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 11.09.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 491.50
13 680.50
2 г.
25 747.50
26 082.50
5 г.
62 727.00
63 480.00
10 г.
124 221.50
125 588.00
20 г.
247 662.00
251 377.00
31.1035 г.
384 267.00
390 031.00
50 г.
616 806.00
635 310.50
100 г.
1 231 050.50
1 267 982.00
250 г.
3 091 677.50
3 138 052.50
500 г.
6 172 787.00
6 265 379.00
1000 г.
12 351 290.00
12 536 559.50
Валюта НБКР курсу 12.09.2026
11.09.2026
12.09.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,7743
101,4376
RUB
1,0300
1,0362
KZT
0,1937
0,1940
Баалуу металлдар 11.09.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
139,79
Күмүш
2,0675
Палладий
42,095
Платина
57,717

«Кыргызалтын» ААКтын юридикалык башкармалыгынын жетектөөчү адиси бош кызмат ордуна сынак жарыялайт

02/09/2026 ж.

Кызматтык милдеттери:
- Коом тарабынан түзүлгөн келишимдерди каттоодон өткөрөт,
- Коом тарабынан берилген ишеним каттарды каттоодон өткөрөт,
- Өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде Коомдун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат,
- Келишим долбоорлоруна укуктук жактан экспертиза жүргүзөт,
- Буйруктарга укуктук жактан экспертиза жүргүзөт,
- Тескемелерге укуктук жактан экспертиза жүргүзөт,
- Мамлекеттик, укук коргоо органдарына, юридикалык жана жеке жактарга каттардын долбоорлорун даярдайт,
- Коомдун кызыкчылыктарын коргоо үчүн укуктук мүнөздөгү документтердин, анын ичинде дооматтардын, арыздардын, каттардын ж.б. долбоорлорун даярдайт,
- Коомдун алдында карызкорлорун табуу жана карыздарды өндүрүү боюнча бардык чараларды көрөт,
- Коомдун пайдасына мыйзамдуу түрдө кабыл алынган сот актылары боюнча аткаруу өндүрүшүн козгоо үчүн материалдарды даярдайт,
- Республиканын аймагындагы бардык сот инстанцияларында, сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүндө Коомдун кызыкчылыктарын коргойт.
Коюлуучу талаптар:
- Юридикалык жогорку билим жана адистиги боюнча кесибине 1 жылдык иш тажрыйбасы,
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү (жарандык, эмгек, административдик ж.б.),
- Иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө, иш тажрыйбасына талап коюлбайт.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:
- Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен),
- Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);
- Паспорттун көчүрмөсү,
- Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү).
Документтер 2026-жылдын 11- сентябрына чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.
Документтерди жөнөтүүдө сөзсүз түрдө талапкер болуп жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүңүз.

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар