Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана экология кызматынын жетектөөчү адисинин бош кызмат орду бар экендигин жарыялайт.

16/10/2026 ж.

Кызматтык милдеттери:

­        өз компетенциясынын чегинде иштин жыйынтыктарын жалпылайт жана талдайт, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана экология боюнча сунуштарды даярдайт.

­        Коомдун филиалдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө агынды суулардын көлөмүн жана сапатын эсепке алууну, атмосфералык абага булгоочу заттардын, өндүрүштүн катуу жана суюк калдыктарынын чыгындыларын, айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдарды, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну, белгиленген жаратылышты коргоо ченемдеринин сакталышын, экологиялык паспортторду, агындылардын жол берилген чеги (ПДС) чыгындылардын жол берилген чеги (ПДВ) ПНОО долбоорлорун, катуу калдыктар менен иштөө нормативдерин жана башка нормативдик-техникалык документтерди өз убагында иштеп чыгууну көзөмөлдөйт.

­         өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын себептерин иликтөөгө жана изилдөөгө катышат, алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугун талдайт.

­        коомдун филиалдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы нормалардын жана эрежелердин сакталышына мониторинг жүргүзөт.

 

Коюлуучу талаптар:

­ жогорку билим (кен иши, экология, айлана-чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо, тоо-кен тармагындагы коопсуздук багыттары боюнча);

­ ишкердик кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки маданияттуу сүйлөө;

 ­ кесиби боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы.

 

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-                 өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-            сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-            паспорттун көчүрмөсү;

-         керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү).

Документтер 2026-жылдын 23-октябрында саат 12:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегинде жайгашкан «Кыргызалтын» ААКтын Чечимдердин  аткарылышын контролдоо, стратегияны иштеп чыгуу, кадр саясаты жана документтер менен камсыздоо башкармалыгында кабыл алынат, тел. 62-07-04.

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Документтерди жөнөтүүдө сөзсүз түрдө талапкер болуп жаткан бош кызмат ордунун аталышын көрсөтүңүз.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар