Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК Маалыматтык технологиялар жана санариптик коопсуздук башкармалыгы видеобайкоону техникалык колдоо бөлүмүнүн башкы адисине бош жумуш орду бар экендигин жарыялайт

26/10/2026 ж.

Кызматтык милдеттери:

- Тармактык инфратүзүмүн ишке киргизүү, башкаруу жана өнүктүрүү, анын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоо.

- L2/L3, VLAN, маршрутизация, VPN/IPsec, тармак аралык өз ара аракеттенүү жана байланыш каналдары сыяктуу тармактык жабдууларды, технологияларды коштоо, күүгө келтирүү.

- Windows Server жана Linux сервердик инфратүзүмдү башкаруу, анын ичинде сервердик тутумдарды орнотуу, күүгө келтирүү, жаңыртуу жана техникалык жактан тейлөө.

- Физикалык серверлерди, маалыматтарды сактоо системаларын (СХД), RAID массивдерин жана серверлерди алыстан башкаруу каражаттарын (iLO/iDRAC) ишке киргизүү.

- Виртуалдаштыруу тутумдарын башкарууга, маалыматтарды резервдик көчүрүүгө жана калыбына келтирүүгө катышуу.

- Серверлердин, тармактык жабдуулардын жана IT-кызматтарынын абалына мониторинг жүргүзүү, Zabbix, Grafana жана ушул сыяктуу куралдарды колдонуу менен мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу.

- IP-камераларды, видеорегистраторлорду, видеокөзөмөл башкаруу тутумдарын (VMS), видеоаналитика тутумдарын жана СВНди тармактык инфтүзүм менен интеграциялоону орнотууга жана камсыздоого катышуу. 

Талапкерлерге коюлган талаптар:

- Маалымат технологиялары, компьютердик техника, телекоммуникациялар же ага байланыштуу багыттар боюнча жогорку билим.   

- Тармактык администрациялоо жана сервердик инфратүзүмдү тейлөө жаатында 3 жылдан ашык тажрыйба.

Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

- Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).

- Сүрөтү менен резюме (электрондук почтанын дарегин көрсөтүү менен);

- Паспорттун көчүрмөсү;

- Кесиптик билимиңизди, эмгек стажыңызды жана квалификацияңызды тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү, билим жана квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтер).

Документтерди кабыл алуунун тартиби:

Документтер Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Чечимдердин  аткарылышын контролдоо, стратегияны иштеп чыгуу, кадр саясаты жана документтер менен камсыздоо башкармалыгында 2026-жылдын 5-ноябрына саат 12:00гө чейин кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

Документтерди жөнөткөндө, сиз кайсы бош кызмат ордуна талапкер болуп жатканыңызды сөзсүз көрсөтүңүз.

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар