Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Кубат Абдраимов «Макмал Голд Компани» филиалынын өндүрүш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

19/05/2026 ж.

 

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Кубат Абдраимов Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын филиалына жумушчу сапар менен барды.


Сапардын жүрүшүндө компания жетекчиси ишкананын учурдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгү, коюлган тапшырмалардын аткарылышы менен кеңири таанышып, ошондой эле комбинаттын негизги объектилерин кыдырып, алардын учурдагы техникалык абалына жана жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берди.


Ишкананын эмгек жамааты менен жолугушууга өзгөчө көңүл бурулду. Ачык диалогдун алкагында кызматкерлер комбинаттын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө, эмгек шарттарына, социалдык камсыздоого жана эмгек акынын деңгээлине байланыштуу кызыктырган суроолорун бере алышты. Кубат Абдраимов бардык актуалдуу маселелер боюнча кеңири түшүндүрмө берип, жетекчилик менен жамааттын ортосунда туруктуу өз ара байланыштын маанилүүлүгүн белгиледи.


Жумушчу сапардын алкагында экологиялык иш-чаралар да өткөрүлдү. Аймакты жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү сактоо максатында көчөт отургузуу акциясы уюштурулуп, ага Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын жергиликтүү активинин өкүлдөрү жана аксакалдары катышты.

Мындай демилгелер экологиялык маданиятты бекемдөөгө жана келечек муундар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталган.
Сапардын жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын жетекчилигине бир катар артыкчылыктуу тапшырмаларды белгиледи.

Атап айтканда, жабдууларды модернизациялоо иштерин тездетүү, оңдоо иштерин өз убагында аяктоо, ошондой эле ишкананын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар