Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 09.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 817.50
13 646.00
2 г.
24 399.50
26 057.00
5 г.
59 335.50
63 118.50
10 г.
117 438.00
125 004.50
20 г.
234 116.00
249 609.50
31.1035 г.
363 200.50
387 287.50
50 г.
582 931.00
621 484.50
100 г.
1 163 321.00
1 240 789.50
250 г.
2 922 364.50
3 116 215.50
500 г.
5 834 140.00
6 221 481.00
1000 г.
11 673 995.50
12 448 678.00
Валюта НБКР курсу 12.10.2026
11.10.2026
12.10.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
98,1276
98,1276
RUB
1,0252
1,0252
KZT
0,1927
0,1927
Баалуу металлдар 09.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
134,85
Күмүш
1,9554
Палладий
36,961
Платина
54,391

«Кыргызалтын» ААК дүйнөлүк рыноктогу ишенимдүү өнөктөш катары өз позициясын бекемдөөдө

16/06/2026 ж.
«Кыргызалтын» ААКы Монголиянын Борбордук банкы тарабынан жөнөтүлгөн Доре куймасы түрүндөгү алтын камтыган чийки затты «Аффинаж заводу» филиалында кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк тарыхында өлкө аймагында чет өлкөлүк Доре куймасын кайра иштетүү боюнча алгачкы болуп, ошондой эле баалуу металлдар тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды.
 
Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы «Кыргызалтын» ААКтын заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарга, зарыл технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жана эл аралык абройго ээ экендигин дагы бир жолу тастыктап, чет өлкөлүк өнөктөштөргө чийки затты кайра иштетүү жана 999,9 сапаттагы жогорку продукцияны чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү.
Бул долбоордун алкагында «Good Delivery» статусуна ээ болгон даяр продукцияны дүйнөлүк биржада сатуудан түшкөн жалпы суммасы 12 млн АКШ долларынан ашты.
 
«Кыргызалтын» ААК эл аралык LBMA (Good Delivery) аккредитациясына ээ. Бул аккредитация ишканада өндүрүлгөн алтындын сапатынын жана анын келип чыгышын көзөмөлдөө системасынын эң жогорку эл аралык талаптарга жооп берерин ырастайт. Мунун аркасында ишкана баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда Европанын алдыңкы аффинаж заводдору менен тең иш алып барып, эл аралык комплаенс талаптарын сактоодо.
 
Өндүрүлгөн продукциянын сапат жана жоопкерчиликтүү камсыздоо стандарттарын камтыган эл аралык рыноктун талаптарына шайкештиги анын борбордук жана коммерциялык банктар, каржы институттары жана баалуу металлдардын ири трейдерлери тарабынан таанылышын камсыздап, ошондой эле дүйнөлүк рынокто эл аралык баалар боюнча сатылышына мүмкүнчүлүк түзөт.
Долбоорду ишке ашырууда «Кыргызалтын» ААКтын Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы (БИИЛ) өзгөчө маанилүү роль ойнойт. Комплекс баалуу металлдарды эл аралык стандарттарга жана LBMAнын лабораториялар аралык салыштырма сыноолорунун талаптарына ылайык талдап, ата мекендик адистердин жогорку кесипкөйлүгүн дагы бир жолу тастыктоодо.
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар