Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

ЖАҢЫ РЕКОРД «Кыргызалтын» 2026-жылдын алты айында 2025-жылдагы таза кирешеден ашты

24/08/2026 ж.

«Кыргызалтын» 2026-жылдын алты айында 2025-жылдагы таза кирешеден ашты
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги жыйынтыктан дээрлик эки эсеге, ал эми компаниянын 2025-жылдагы бүтүндөй таза кирешесинен 1,8 эсеге көп.


2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын таза кирешеси 18,7 млрд сомду түзгөн. Демек, 2026-жылдын алгачкы алты айында эле компания өткөн жылдагы бүтүндөй көрсөткүчтөн 14,3 млрд сомго көп таза киреше тапты.
Финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшү компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, финансылык туруктуулугун бекемдеп, өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт.


Финансылык натыйжалардын өсүшү компаниянын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын көбөйтүүгө, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө жана келечектүү кен орундарын өздөштүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Бүгүнкү күндө «Кыргызалтын» ишмердүүлүгүнүн багыттарын ырааттуу кеңейтип, жаңы кен орундарын, өндүрүштүк кубаттуулуктарды, кайра иштетүү тармагын жана башка инвестициялык багыттарды өнүктүрүүдө.
Алдыдагы үч жылда компания жалпы наркы 1 млрд АКШ долларынан ашкан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кен орундарын өздөштүрүү долбоорлору бар.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар