Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кыргызалтын» ААК менен «AzerGold» ЖАК кызматташтыктын келечегин талкуулашты

14/09/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кыргыз Республикасына жумушчу сапардын алкагында Азербайжан компаниясынын делегациясын жетектеп келген «AzerGold» ЖАКнын Башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйынынын алкагында, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда кол коюлган «Кыргызалтын» ААК менен «AzerGold» ЖАКнын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдан келип чыккан маселелерди талкуулашты. 

Негизги көңүл тоо-кен тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, инвестиция тартууга, ошондой эле пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү жаатында тажрыйба алмашууга бурулду.

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов акыркы беш жылда Кыргызстандын тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын алдыңкы секторлорунун бирине айланганын белгиледи.

Анын айтымында, 2020-жылдан тартып тармакта натыйжалуулукту жогорулатууга, инвестицияларды тартууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу реформалар ишке ашырылууда.

Кубат Абдраимов азербайжан тарапка «Кыргызалтын» ААКда жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр, мамлекеттик компаниянын түзүмүн өркүндөтүү, туунду ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле учурдагы долбоорлордун портфели жана ишмердүүлүктүн жаңы багыттары тууралуу маалымат берди.

«Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы компания эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өзгөчө көңүл «AzerGold» ЖАК менен кызматташууга бурулду. Кубат Абдраимов азербайжан тараптын кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунушу «Кыргызалтын» ААК тарабынан оң кабыл алынганын белгиледи.

Анын айтымында, өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр кызматташтыктын жаңы багыттарын ачууга, ошондой эле Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы келечектүү долбоорлорду биргелешип кароого мүмкүнчүлүк түзөт.

Өз кезегинде «AzerGold» ЖАКнын Башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов мамлекет башчыларынын лидерлиги жана саясий эркинин негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда достук жана боордоштук мамилелер түзүлүп, бул экономикалык байланыштарды, анын ичинде тоо-кен өнөр жайындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

Закир Ибрагимов «AzerGold» ЖАКнын геологиялык чалгындоо, кен чыккан жерлерди баалоо, казып алуу жана кайра иштетүү багыттарындагы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле азербайжан тарап оккупациядан бошотулган Карабах жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорунда жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери жана аэромагниттик, ошондой эле башка инвазивдүү эмес заманбап чалгындоо ыкмаларын колдонуу тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, «AzerGold» ЖАК Азербайжандан тышкары өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү стратегиялык артыкчылыктарынын бири катары карайт жана Борбордук Азияда биргелешкен тоо-кен жана геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААК менен «AzerGold» ЖАК өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты улантууга жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар