Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

Кыргызалтындын жетекчиси Кубат Абдраимов Тоголок алтын кениндеги жумуштардын жүрүшү менен таанышты

28/09/2026 ж.

Жумушчу сапардын алкагында ал жаңы кендеги тоо-кен иштеринин жүрүшү, геологиялык чалгындоо жана инфраструктураны куруу процесси менен жеринде таанышты.

Ошондой эле Кубат Абдраимов “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги менен кен жайдын карьеринде көчмөн жыйын өткөрүп, өндүрүштүк пландардын аткарылышын текшерди.
Төрага Тоголок кенин ишке киргизүү өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө тарыхий мааниге ээ экенин баса белгиледи.

“Тоголок кени – Кыргызстан толугу менен өз күчү менен ишке ашырып жаткан маанилүү долбоор. Эч кандай чет элдиктердин жардамы жок, өз каражатыбызга, өзүбүздүн адистерибиз менен нөлдөн баштап, жаңы өндүрүштү түптөп жатабыз. Ошондуктан ар бирибиздин мойнубузга жүктөлгөн бул тарыхий милдетти татыктуу аткаралы”-деди.

“Кыргызалтындын” башчысы жыйындын акырында тоо-кен иштерин белгиленген план менен өз убагындабүтүрүү, кызматкерлерге татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана техникалык коопсуздук эрежелерин тыкыр сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Кубат Абдраимов Сары-Бел коктусундагы Алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштерине старт берип, пайдубалына мезгил кутучасын салды.

“Кыргызстанда акыркы жылдары жүздөгөн жаңы өндүрүштөр ишке берилип, келечегибизге бекем пайдубал түптөлүүдө. Ошолордун катарындагы ушул алтын ылгоочу фабрикабыздын дагы пайдубалы бекем болуп, элибиздин бакубатчылыгы үчүн кылымдар бою кызмат кылсын” деп ак тилегин айткан Кубат Абдраимов баардык кызматкерлерге күч кубат жана ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар