Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 27.10.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
12 535.00
13 505.50
2 г.
23 835.00
25 776.00
5 г.
57 915.50
62 416.00
10 г.
114 598.00
124 020.50
20 г.
228 445.00
246 798.50
31.1035 г.
354 381.00
382 916.00
50 г.
568 749.50
614 457.00
100 г.
1 134 967.00
1 226 734.50
250 г.
2 851 483.50
3 102 164.50
500 г.
5 692 369.00
6 151 205.50
1000 г.
11 390 454.00
12 982 906.50
Валюта НБКР курсу 27.10.2026
26.10.2026
27.10.2026
USD
87,4486
87,4500
EUR
97,8637
97,9965
RUB
1,0752
1,0822
KZT
0,1940
0,1934
Баалуу металлдар 26.10.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
129,16
Күмүш
1,7351
Палладий
33,564
Платина
49,239

«Кумтор Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылдагы кирешеси 1,434 млрд АКШ долларын түздү

01/04/2026 ж.

«Кыргызалтын» ААК «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун карап чыкты.

«Кумтор Голд Компани» ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасы Бузурман Субанов билдиргендей, отчеттук мезгилде Кумтор кенинде 12 081 кг алтын өндүрүлгөн.

Компаниянын 2025-жылдагы кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түзүп, таза пайдасы 706 млн АКШ долларынан ашкан. Бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246,5 млн АКШ доллары которулду, ошондой эле 300 млн АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөө жөнүндө чечим кабыл алынды.

Акционерлердин жылдык жалпы жыйынында «Кыргызалтын» ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Кубат Абдраимов калдыктар сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууга кылдат даярдануу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, долбоордун негизги максаты курамында 121 тоннадан ашык алтын камтылган калдыктарды кайра иштетүү аркылуу экологиялык абалды жакшыртуу. Ошондой эле жер алдынан казып алуу долбооруна жана Тоголок кенин өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Тоголок кенинде биринчи руда ушул жылы эле казылып башталары күтүлүүдө, ал эми биринчи доре-күлмө кийинки жылы өндүрүлөт. Бардык долбоорлор белгиленген мөөнөттөрдө жана кечигүүсүз ишке ашырылышы керек.

Жыйындын жүрүшүндө Кубат Абдраимов Кумтор кенинде өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууга жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын да белгиледи. Атап айтканда, көзөмөл чараларын күчөтүү, кызматкерлерди кошумча окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин системалуу текшерүү талап кылынат.

Жыйынтыгында, «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет бекитилди.

Маалымат үчүн: «Кыргызалтын» ААК «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын жалгыз акционери болуп саналат жана анын акцияларынын 100%ына ээ.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар