Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 10.06.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 385.50
14 396.50
2 г.
25 536.00
27 557.50
5 г.
62 194.50
66 870.00
10 г.
123 156.50
132 507.50
20 г.
245 535.50
264 615.50
31.1035 г.
380 960.00
410 624.50
50 г.
611 488.50
629 833.50
100 г.
1 220 419.00
1 257 031.50
250 г.
3 065 100.00
3 111 076.50
500 г.
6 119 628.50
6 211 423.00
1000 г.
12 244 973.00
12 428 647.50
Валюта НБКР курсу 10.06.2026
09.06.2026
10.06.2026
USD
87,4497
87,4497
EUR
100,6415
101,0131
RUB
1,1889
1,2071
KZT
0,1804
0,1783
Баалуу металлдар 09.06.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
137,03
Күмүш
2,0978
Палладий
39,423
Платина
55,041

«Кыргызалтын» ААКсы, Кыргыз фондулук биржасы, жана «Борбордук депозитарий» ЖАКсы үч тараптуу Макулдашууга кол коюшту

03/04/2026 ж.

Кыргызстанда «Кыргыз фондулук биржасынын» аянтчасында баалуу металлдарды санариптик биржалык соодалоонун улуттук механизми расмий түрдө ишке кирди.

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ), «Кыргызалтын» ААКсы жана «Борбордук депозитарий» ЖАКсы үч тараптуу Макулдашууга кол коюшту. баалуу металлдарды санариптик биржалык соодалоонун автоматташтырылган системасын колдонуу аркылуу баалуу металлдарды эркин сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Натыйжада, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр кеңейип, экономиканын өсүшүнө да оң таасир берет.

Өнөктөштүктүн негизги максаты - улуттук каржы рыногун өнүктүрүү үчүн бардык инвесторлор үчүн алтынга жогорку өтүмдүү биржалык товар катары активге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу механизмди түзүү.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз фондулук биржасы» келишимдердин ачыктыгын, процесстерди автоматташтырууну камсыз кылуучу негизги технологиялык платформа болуп саналат, бүтүмдөрдү жүргүзүүнү, көзөмөлдөөнү жана өз убагында аткарууну, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын, менчик укуктарын ишенимдүү эсепке алууну жана рыноктун катышуучуларынын ишениминин жогорку деңгээлин камсыз кылат. Жеке түз сатып алуунун салттуу ыкмаларынан айырмаланып, биржалык аянтча онлайн режиминде коомдук суроо-талаптын жана сунуштун негизинде активдин адилеттүү рыноктук наркын түзүүгө кепилдик берет.

Ишке киргизүүгө даярдык  катары ченемдик базаны олуттуу жаңыртылды: 2026-жылдын 13-мартында «Кыргыз фондулук биржасынын» директорлор Кеңеши тарабынан биржалык сооданын эрежелерине жана баалуу металлдар секторунда соода жүргүзүү регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул сектордогу соодага коммерциялык банктар, зергердик жана брокердик компаниялар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинен каттоодон өткөн башка юридикалык жактар катыша алышат.

Аида Чодулова, КФБнын Башкы директору: «Кыргыз фондулук биржасы» колдонгон система бардык иштерди автоматтык түрдө жүргүзөт жана бардык инвесторлор үчүн бирдей шарт түзөт. Мындан ары алтынды санарип түрүндө да, жеке түз түрдө да сатып алса болот. Аны сатып алуу же сатуу боюнча бардык маалыматтар атайын система аркылуу так катталып турат. Ошонун аркасында соода жүргүзүү жеңил болуп, бардык процесстер көзөмөлдө болот жана иштер тез аткарылат, убаракерчилик жана убакыт үнөмдөлөт. Акча эсептешүүлөр ачык жүргүзүлүп, кимдин канча алтыны бар экени так жана ишенимдүү сакталат. Натыйжада бул система жалпы рынокко болгон ишенимди жогорулатат.

Анаркан Ногойбаева, «Борбордук депозитарий» ЖАКтын Башкы директору:

Системадагы бардык эсептешүүлөрдүн туура жана коопсуз болушун Борбордук депозитарий камсыз кылат. Алар “төлөмгө каршы жеткирүү” деген эл аралык ыкма менен иштешет. Башкача айтканда, адам акчасын төлөгөндөн кийин гана алтын анын наамына өткөрүлөт. Ошондуктан алдоо же келишим аткарылбай калуу коркунучу дээрлик болбойт. Бул инвесторлор үчүн эң коопсуз система болуп эсептелет.

«Кыргызалтын» ААКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары Арген Жамаев:

«Кыргыз фондулук биржасы» менен Кыргызалтындын ортосундагы бул келишимди ишке ашыруу каржы рыногун өнүктүрүүгө, ички рынокто инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана улуттук ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт».

Алтынды биржалык негизге которуу металлды тынымсыз физикалык ташып жеткирүүнүн зарылчылыгын жок эле экинчи колго сатуу рыногун өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул экономиканы чыңдоого күчтүү түрткү берет жана жарандарга капиталды узак мөөнөттүү сактоо үчүн ишенимдүү курал боло алат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар