Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 03.06.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 879.00
14 396.50
2 г.
26 522.00
27 557.50
5 г.
64 675.50
66 870.00
10 г.
128 118.50
132 507.50
20 г.
255 444.00
264 615.50
31.1035 г.
396 370.00
410 624.50
50 г.
636 268.00
655 356.00
100 г.
1 269 962.00
1 308 061.00
250 г.
3 188 950.00
3 236 784.00
500 г.
6 367 344.00
6 462 854.50
1000 г.
12 740 404.50
12 931 510.50
Валюта НБКР курсу 04.06.2026
03.06.2026
04.06.2026
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,8268
101,5163
RUB
1,2132
1,1953
KZT
0,1773
0,1787
Баалуу металлдар 03.06.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
142,72
Күмүш
2,3586
Палладий
42,839
Платина
60,281

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

09/04/2026 ж.

Бишкек, 2026-жылдын 9-апрели — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Алгач МинКаб Төрагасына “Кыргызалтын” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов компаниянын Алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча дүкөндүн кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экендиги аныкталып, бул багыт натыйжалуулугун көрсөткөн. 

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде, 2024-жылдын август айында чендик алтын куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилген. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде долбоор жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп, заманбап өндүрүштүк жабдууларга жумшалган 320 млн сом көлөмүндөгү инвестицияны толугу менен актады.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев компаниянын заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берген кырдаалдык борборунун иши менен таанышты. Аталган борбор өндүрүштүк процесстерди жогорку деңгээлде ыкчам көзөмөлдөөнү жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылат.

Андан соң “Кыргызалтын” ААКнын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө видео тасма көрсөтүлгөндөн кийин, жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышты. 

Отурумда компаниянын 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөрү, башкаруу реформаларынын жыйынтыктары жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар угулду.

Анда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишти, таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” ААКнын түзүмүнө 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет.

“Кыргызалтын” ААКы жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар. Мындан тышкары, компания “Кумтөр” кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.

Отурумда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттин алтын жана тоо кен тармагындагы жалпы саясаты боюнча сөз сүйлөп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул жерде “Кыргызалтын” ААКнын жетишкендиктери жана мамлекеттеги ийгиликтердин башында Президент Садыр Жапаровдун күчтүү деми, бекем саясий эрки турганын белгиледи. 

“Кумтөрдүн өнөр жайдагы үлүшү боюнча акыркы эле маалыматты айтайын. 2026-жылдын февраль айында ИДП өсүшү 8,8%ды түздү. Анын ичинде өнөр жайында 18,7% өсүш катталды же 147,8 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү, Кумтөрдү кошпогондо – 88,2 млрд сомду түздү. Эми – бул санды алып таштаганда өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду же февраль айындагы ИДПнын 22,6%ын Кумтөр түзүп жатат. Тиешелүү түрдө Кумтөр – Кыргыз алтындын акыркы 5 жылдагы өсүп бараткан ишине да түздөн-түз таасирин тийгизип жатат”, - деди ал. 

Адылбек Касымалиев ошондой эле, тоо кен тармагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен тыгыз кызматташып, аларды ишке тартуу керектигин, айрыкча жергиликтүү калктын балдарын окутуу зарылдыгын кошумчалады. Анын себеби, жумуш орундарында – инженердик адистерден тартып, жөнөкөй жумушчуларга чейин дээрлик жергиликтүү эл түзөт.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, жалпысынан тоо кен тармагы 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше алып келгенин, ошол эле учурда алтындын баасы да 2 эсеге өсүү болуп жатканын кошумчалады.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар