Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 10.06.2026
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
13 385.50
14 396.50
2 г.
25 536.00
27 557.50
5 г.
62 194.50
66 870.00
10 г.
123 156.50
132 507.50
20 г.
245 535.50
264 615.50
31.1035 г.
380 960.00
410 624.50
50 г.
611 488.50
629 833.50
100 г.
1 220 419.00
1 257 031.50
250 г.
3 065 100.00
3 111 076.50
500 г.
6 119 628.50
6 211 423.00
1000 г.
12 244 973.00
12 428 647.50
Валюта НБКР курсу 10.06.2026
09.06.2026
10.06.2026
USD
87,4497
87,4497
EUR
100,6415
101,0131
RUB
1,1889
1,2071
KZT
0,1804
0,1783
Баалуу металлдар 09.06.26 UTC
Долл./гр.
Алтын
137,03
Күмүш
2,0978
Палладий
39,423
Платина
55,041

«Кыргызалтын» ААКтын Өндүрүш процессин башкаруу жана техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу башкармалыгынын жетектөөчү тоо-кен инженеринин бош орунуна сынак жарыялайт. Кеңсе Бишкек шаарында жайгашкан.

14/11/2025 ж.

Кызматтык милдеттери:

­   «Кыргызалтын» ААКга берилген жер казынасын пайдалануу лицензиялары боюнча лицензиялык келишимдердин шарттарын контролдоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу;

­   Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана туунду ишканаларында аткарылган тоо-кен боюнча иштерин, ошондой эле негизги ченемделген материалдардын чыгымдарына талдоо жүргүзүү;

­   Илимий-изилдөө институттары жана подряддык мекемелер менен жумушчу байланыштарды жүргүзүү, ошондой эле Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана туунду ишканаларынын тоо-кен өндүрүшүнө байланышкан келишимдеринин түзүлүшүн жана аткарылышын мониторинг жүргүзүү.

­   Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана туунду ишканаларында тоо-кен иштеринин абалы боюнча мониторинг жүргүзүү, анын ичинде жардыруу иштеринин уюштурулушун көзөмөлдөө;

­   Тоо-кен иштерин пландаштырууга, тоо-кен техникалык маселелерди ыкчам чечүүгө катышуу, тоо-кен жана геологиялык чалгындоо иштеринин календардык пландарын кароо, техпрофинпландын тиешелүү бөлүмдөрүн иштеп чыгуу;

­   Өндүрүш пландары менен белгиленген көлөмдөр жана багыттар боюнча тоо-кен иштеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

­   Көзөмөлдөп турган түзүмдүк бөлүмдөргө жана туунду ишканаларга өз компетенциясынын алкагында пландаштырылган тапшырмаларды аткарууда жана тоо-кен иштеринин өздүк наркын төмөндөтүүдө практикалык жардам көрсөтүү.

 

Коюлуучу талаптар:

Жогорку билим, квалификациясы боюнча – тоо-кен инженери- багыты боюнча жер алдындагы же ачык ыкма менен кен казып алуу технологиясы;

-       Иш кагаздарын жүргүзүү, контрагенттер менен иштөө көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө маданиятынын  жогорку деңгээли;

-        Тоо-кен ишканаларында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.

 Талапкерлер «Кыргызалтын» ААКга төмөнкү документтерди тапшырышат:

-       Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-       Сүрөтү менен резюме (электрондук почта дарегин көрсөтүү менен);

-       Паспорттун көчүрмөсү;

-       Керектүү кесиптик билимди, иш тажрыйбасын жана квалификацияны тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, билим жөнүндө документтердин, квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин нотариалдык жактан же иш орду боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Документтер 2025-жылдын 14-ноябрдан тартып 12-декабрга чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 195 дарегиндеги «Кыргызалтын» ААКтын Стратегияны иштеп чыгуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүндө кабыл алынат, тел. 62-07-04.

 

Талаптарга дал келген талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар