Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 30.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 525.00
10 672.00
2 г.
19 829.00
20 087.00
5 г.
47 821.00
48 394.50
10 г.
94 356.00
95 394.00
20 г.
187 940.50
190 759.50
31.1035 г.
291 535.50
295 908.50
50 г.
467 650.50
481 680.00
100 г.
932 735.50
960 717.50
1000 г.
9 469 556.00
9 611 599.50
Валюта НБКР курсу 04.05.2025
03.05.2025
04.05.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,4569
99,4569
RUB
1,0657
1,0657
KZT
0,1708
0,1708
Баалуу металлдар 02.05.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
104,19
Күмүш
1,0305
Палладий
30,671
Платина
30,643

«Чакуш» кени

Учурда «Кыргызалтын» ААК Чакуш кенинде геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2023-жылдын 17-июлунда №7361 АР лицензиясына ээ.

Лицензиялык аянт 978 гектарды түзөт.

Чакуш кени Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан. Лицензияланган аймак Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Сох дарыясынын сол тарабында орун алган.

Абсолюттук бийиктиктери 1500-2400 м. Экономикалык жактан өнүккөн район, автомобиль жолдоруна, электр линияларына, суу менен камсыздоо булактарына жакын жайгашкан (Сох дарыясы).

Кен чыккан жерден Айдаркен айылына чейин автожол менен 55 чакырым, ал эми Баткен районунун борборуна чейин 80 чакырымга жакын.

Бул кен «Чакуш» алтын кенинин курамына кирген бөлүгү болуп саналат, ал Сох алтын рудасынын кластердик курамына - Түркстан-Алай алтын кен тилкесинин металлогендик бирдигине кирет.

Кендин геологиялык түзүлүшүнө силурдун вулканогендик-терригендик тектери (чополуу сланецтер, базальтоиддер) кирет, алардын үстүндө гранодиорит интрузиялары менен аралашкан акиташтуу кум жатат.

Кендин аймагында руданын, анын ичинде алтындын минералдашуусу эки геологиялык позицияда белгиленген: сульфиддүү кварц кен жылгаларында жана метасоматиттерде.

Жалпысынан кен боюнча Р1 категориясындагы болжолдуу ресурстар 6,1 тонна алтынды, Р2 – 14,7 тонна алтынды түзөт.

Башка долбоорлор

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар