Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 30.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 525.00
10 672.00
2 г.
19 829.00
20 087.00
5 г.
47 821.00
48 394.50
10 г.
94 356.00
95 394.00
20 г.
187 940.50
190 759.50
31.1035 г.
291 535.50
295 908.50
50 г.
467 650.50
481 680.00
100 г.
932 735.50
960 717.50
1000 г.
9 469 556.00
9 611 599.50
Валюта НБКР курсу 04.05.2025
03.05.2025
04.05.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,4569
99,4569
RUB
1,0657
1,0657
KZT
0,1708
0,1708
Баалуу металлдар 02.05.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
104,19
Күмүш
1,0305
Палладий
30,671
Платина
30,643

«Макмал» кениндеги казындылар жана калдыктар

Бул кен 1986-жылдан 2003-жылга чейин ачык жол менен казылып алынган. Карьерди иштетүүдө «Макмалалтын» комбинаты 30,0 тоннадан ашык алтын өндүргөн.

2003-жылдан баштап карьердеги кендин кору түгөнгөндүгүнө байланыштуу «Макмал» кениндеги кендин корун жер алтындан казып алуу ыкмасы менен иштетүү башталган.

Макмал кени Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан.

Бүгүнкү күндө кенде 9 тоо тектеринин казындылары бар, алардын көлөмү болжолдуу эсептөөлөр боюнча 7,9 млн. тоннаны түзөт. Учурда алтындын курамы 0,5 г/т дан 1,2 г/т га чейин жеткен тоо тектеринин үйүлгөн казындылары изилденип жатат.

Казындылардын изилденген бөлүгү боюнча геологиялык отчетко ылайык, курамында алтындын орточо өлчөмү 0,69 г/т болгон 3,9 млн. тонна тектердин казындыларын ташып келип иштетүүгө болот. Казындылардын чалгындалган бөлүгүндө камтылган С1+С2 категориясындагы алтындын кору 2716,3 кг.түзөт.

Тоо тектеринин көмүлгөн жайларында алтындын курамы 1 г/т чейин жана андан жогору болгон казындыларды ачуу практикасынын негизинде, ошондой эле Макмал кенинин тоо тектеринин үйүлгөн казындыларында алтындын олуттуу концентрациясынын болушунун жагымдуу факторлорун эске алуу менен, «Кыргызалтын» ААК биргелешкен ишкананы түзүү менен аларды үймөктөп эритүү жолу менен андан ары өздөштүрүү үчүн потенциалдуу ресурстардын санын жана сапатын андан ары баалоого ниеттенүүдө.

Кызматташтыктын экинчи келечектүү объектиси болуп алтынды ылгап алуучу фабрикага жакын жайгашкан «Макмалалтын» комбинатынын  толуп калган №1 калдык сактоочу жайын кайра иштетүү саналат. Калдыктардын материалы цианиддөө калдыктары менен көрсөтүлөт, майдалыгынын даражасы 0,074 ммге чейин (70%). Калдыктарды сактоочу жайда орточо 0,45 г/т жана 5368,5 кг алтынды камтыган 11,8 млн. тонна калдыктар бар.

Кубаттуулугу жылына 1 миллион тонна рудага чейинки калдыктарды кайра иштетүүдө фабриканы чийки зат менен камсыз кылуу мөөнөтү 10 жылдан кем эмес болот.

Башка долбоорлор

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар