Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.08.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 642.00
10 790.50
2 г.
20 063.00
20 324.00
5 г.
48 409.50
48 990.00
10 г.
95 533.00
96 584.00
20 г.
190 291.00
193 145.00
31.1035 г.
295 191.00
299 618.50
50 г.
473 528.00
487 734.00
100 г.
944 487.50
972 822.50
1000 г.
9 587 077.50
9 730 883.50
Валюта НБКР курсу 03.08.2025
02.08.2025
03.08.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,7542
99,7542
RUB
1,0875
1,0875
KZT
0,1610
0,1610
Баалуу металлдар 01.08.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
108,12
Күмүш
1,1904
Палладий
39,272
Платина
42,462

Балажан кварцит кени

«Кыргызалтын» ААКда «Баладжан» кенин иштетүү үчүн 2023-жылдын 2-ноябрында 7418 ТЭ лицензиясы жана 2023-жылдын 2-ноябрында кенн чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн ТР 7419 лицензиясына ээ.

Лицензиялык аянт 260 гектарды түзөт.

Балажан кени Талас өрөөнүнүн өйдөрөөк жагында Балажан тоосунун чыгыш четинде жайгашкан.

Администрациялык жактан аталган кен Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун аймагында жайгашкан. Жакынкы калктуу конуш Шумкар айылы болуп саналат, ал кенден 2 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан жана жашоочулары аз болгон бир канча турак-жай жана соода имараттарынан турат.

Балажан кени түндүк-батышты карай созулган тоолордун түштүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Изилденген аймактын узундугу 3,1 чакырым, туурасы 0,4 чакырымдан 2,0 чакырымга чейин.

Кенде узундугу 750 м, 3000 м, 2500 м, туурасы 90-170 м, 110-220 м, 600 м болгон жалпагынан келген ачык боз кварцит R2-3 тилкелер аныкталган.

Курамында кремнезем 98%. 99,7-99,8% SiO2 менен концентраттарды алууга болот.

«Кыргызалтын» ААК тарабынан берилген Балажан кварцит кенинин Түндүк участкасында сынамыгы алынып текшерилген жана мамлекеттик баланс боюнча эсепке алынган С1 +С2 категорияларындагы кварциттердин баланстык геологиялык запастары: 6701,8 миң тонна кварцит, анын ичинде категориясы боюнча: С1 категориясы боюнча – 4 156,6 миң тонна; С2 категориясы боюнча – 2 545,2 миң тонна.

Башка долбоорлор

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар