Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 30.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 525.00
10 672.00
2 г.
19 829.00
20 087.00
5 г.
47 821.00
48 394.50
10 г.
94 356.00
95 394.00
20 г.
187 940.50
190 759.50
31.1035 г.
291 535.50
295 908.50
50 г.
467 650.50
481 680.00
100 г.
932 735.50
960 717.50
1000 г.
9 469 556.00
9 611 599.50
Валюта НБКР курсу 04.05.2025
03.05.2025
04.05.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
99,4569
99,4569
RUB
1,0657
1,0657
KZT
0,1708
0,1708
Баалуу металлдар 02.05.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
104,19
Күмүш
1,0305
Палладий
30,671
Платина
30,643

«Мироновское» кени

«Кыргызалтын» ААКда «Мироновское» кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2023-жылдын 18-сентябрдагы №7368 АЕ лицензиясы жана геологиялык чалгындоолоржу жүргүзүү максатында 2023-жылдын 18-сентябдагы №7369 АР жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар.

Лицензиялык аянт 1315 гектарды түзөт.

«Мироновское» кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кастек кырка тоосунун түштүк капталында, Казакстан менен мамлекеттик чек арага жакын жерде жайгашкан.

Кен 1961-жылы 1:10 000 масштабдагы кен издөө иштеринин жүрүшүндө ачылган. 1962-1963-жылдары кенде арыктар жасалып, 7 көзөнөк бургуланган. 1964-1974-жылдары алдын ала жана деталдык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 18 726 м3 арыктар, 210 м. чуңкурлар, 13 327 м. тоо казылмасы, 62 178 м көзөнөк бургулоо иштери бүткөрүлдү. 350 м тереңдикке чейин кен ийне-жибине чейин изилденип, пайдаланууга даярдалган.

Онго жакын негизги кен жылгалары (алардын бардыгы 20) чалгындоо жана изилдөө иштери жакшы жүргүзүлгөн. Алардын узундугу 35 метрден 610 метрге чейин, калыңдыгы 0,3-1,18 м. Тереңдиги 60-406 м жылгаларга чалгындоо жүргүзүлгөн. Жылганын негизги өзөгүнүн аралыгы 35-120 м. Негизги жылгалар: Башкысы (650м х 0,75 м), Каршы капталынан (200 м х 0,65 м), Туурасынан (156 м х 0,4 м), Этегинен өйдө көздөй (610 м х 1,18 м).

Кен жайгашкан жердин абсолюттук бийиктиги 1500–1800 м. Жакынкы калктуу конуштар - Михайловка (Казакстан), Бейшеке жана Карабура (Кыргызстан) айылдары кенден 10 - 15 км алыстыкта ​​жайгашкан жана шагыл жолдор менен байланышкан.

50 км чыгыш тарапта Ак-Түз айылы жайгашкан, бул жерде убактылуу иштебей турган жылына 260 миң тонна кенди кайра иштетүүчү шахта жана кен байытуучу фабрика бар, ага электр линиясы кошулган.

Техникалык сууну Карабулак суусунан, ал эми ичүүчү сууну мурдагы гидротехникалык айылдын аймагындагы көзөнөктөн алууга болот. Кендин аймагынан жогорку чыңалуудагы (220 кВт) «Кемин-Алматы» электр чубалгылары да өтөт.

Кен чыккан жердеги кен көп түрдүү. Негизги пайдалуу компоненттер: алтын, висмут, жез, күмүш, коргошун, цинк.

2012-жылы эсептелген «Мироновкое» кенинин кору:

  • С1+С2 категориясындагы алтын – 2692,70 кг, алтындын курамы 1,7 г/т;
  • С1+С2 категориясындагы висмут – 1859,06 тонна;
  • C1+C2 категориясы жез – 23 608,76 тонна;
  • С1+С2 категориясындагы коргошун – 8349,02 тонна;
  • C1+C2 категориясы боюнча күмүш – 76 035,83 кг.

1582,2 миң тонна кен.

P1 категориясы боюнча болжолдонгон алтын ресурстары:

  • Алтын 10 т.;
  • Жез 80 миң тонна;
  • Күмүш 250 тонна;
  • Висмут 8 миң тонна.

Запастарды көбөйтүү «Мироновское» кенинин капталдарын кошумча чалгындоонун эсебинен болушу мүмкүн.

Башка долбоорлор

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар