Валюта НБКР курсу 16.05.2024
15.05.2024
16.05.2024
USD
88,3346
88,3261
EUR
95,2600
95,6572
RUB
0,9648
0,9659
KZT
0,2004
0,2003
Баалуу металлдар 15.05.24 UTC
Долл./гр.
Алтын
76,304
Күмүш
0,9371
Палладий
32,433
Платина
33,822

Миңтеке кени

«Кыргызалтын» ААКда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2023-жылдын 30-октябрында 7412 СР лицензиясы жана Миңтеке кенин иштетүү үчүн 2023-жылдын 30-октябрында CE 7413 лицензияга ээ.

Миңтеке кени Фергана кырка тоолорунда жайгашкан жана административдик жактан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондоруна карайт.

Кен чыккан жерден Тогуз-Торо районунун борбору болгон  Казарман кыштагына чейинки жолдун узундугу 50 чакырым, Нарын шаарына чейин 260 км, Балыкчы темир жол станциясына чейин 350 км.

Миңтеке кенинде 9 көмүр катмары аныкталган, анын ичинен 8 өнөр жайлык кубаттуулугу 0,5 метрден 3,7 метрге чейин.

Миңтеке кениндеги көмүрдүн запасы 1994-1996-жылдары жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча эсептелген жана С1+С2 категориялары боюнча Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик резервдер комитети тарабынан бекитилген кор 3,3 млн. тоннаны түзөт. «Кыргызалтын» ААК тарабынан берилген лицензиялык аянттын чегинде С1+С2 категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик резервдер комитети тарабынан бекитилген көмүрдүн запасы 1,4 млн. тоннаны түзөт.

Башка долбоорлор

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар